Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 1-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абадда жаан жаайт, тоо этектериндеги райондорго кар түшөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температуарсы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +12…+17;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл жана Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус болот.
Бишкекте 1-октябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19.