Марал Радиосу

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 56,5 миңден ашты

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 56 миң 519 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 451 жаңы учур катталды. Ал эми 504 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 52 миң 970 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 468 бейтап каза болду. 3 миң 81 бейтап ооруканаларда дарыланууда.