Марал Радиосу

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдарга Атамбаев да катышат

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум уланууда. Кийинки отурумга Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусуна уруксат берилди.

Жактоочу Сергей Слесарев Атамбаевдин соттук процесстерге катышуусун өтүнгөн. Себеби ага чейин мурдагы президент саламаттыгына байланыштуу отурумдарга катышуудан баш тарткан эле.

Судья Марат Сыдыковдун чечими менен 2-октябрдагы отурумга Атамбаев катышат.

2019-жылдын 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ал башка дагы бир топ оор беренелер боюнча айыпталууда.