Марал Радиосу

COVID-19: Айыккандарга караганда ооруп калгандар көбүрөөк

Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирустун 147 жаңы учуру катталды. Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 46 миң 669га жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап дарыланууда, үй шартындагы дарыланууда 1455 бейтап бар.

Акыркы бир сутка ичинде 118 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алар Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда – 51, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 24 бейтап айыкты.

Коронавирус инфекциясын жугузуп, андан айыккандардын жалпы саны 42 миң 879га жетти. Каза болгондор  1064 адам.