Марал Радиосу

Токтогулда тойкана ээлерине 6 миң сом айып салынды

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги санитардык нормаларды сактабай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан эки тойканага айып салды.

Милициянын маалыматына караганда, Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протокол түзүлүп, эки тойканага 3 миң сомдон айып салынды.

Алдыда дагы мааракелерди өткөрүүгө буюртмаларды кабыл алган ресторандардын буюртмалары токтотулуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Учурда COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, эт сатуучу жана тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты.