Марал Радиосу

Бишкектин эки конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын эки конушунда 1-октябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

1-октябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин «Ынтымак» жана «Арча-Бешик» конушунда (биринчи көчөдөн жетинчи көчөгө чейин) таза суу өчүрүлөт.

Мэрия сууну убактылуу өчүрүү кыш мезгилине даярдануу максатында суу түтүк тармактарындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин кабарлайт.