Марал Радиосу

Акыркы суткада 16 медициналык кызматкер коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 29-сентябрга карата 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунда катталды.

Ошондой эле акыркы бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3243 учур катталды, анын ичинен 2992 медкызматкер айыкты.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 522, андан каза болгондор 1064, айыккандар 42 миң 761ге жетти.