Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакиров: Добуш саткан да арам, сатып алган да арам

Добуш саткан да арам, добуш сатып алган да арам. Мындай пикирин вице-спикер Мирлан Бакиров 28-сентябрда, КТРКда болгон дебат учурунда айтты.

Дебат учурунда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаев «ушул сөздү Кудайдын алдында кайталап кое аласызбы» деген суроо узатты.

Кыргызстан укуктуу мамлекетте жашай турганын, добуш сатуу жана сатып алуу арам экенин, аны тастыктай турган мыйзам, ишке ашыра турган, кармай турган тийиштүү орган экенин айткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров:

-Биз башынан шайлоону таза, татыктуу кылып өткөрөлү деп айтып келе жатабыз жана ушул пикирибизде турабыз,- деди.

Эске салсак, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын аймактарда билеттерди сатып алгандыгы боюнча ар кандай видеолор тарагандыгы маалым.

Ошондой эле, дебат учурунда «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Мекеним Кыргызстандын» добуш сатып алуу фактысы бар экендигин айтып, сындады.

1 пикир

1 пикир

  1. Майракан

    29.09.2020 16:05

    Мекеним Кыргызстан элди акчага сатып алып атат да.Бизде мекенди суйуу жок эсе болуп калды.Беш сом берсен баарына даяр дегендей.Биримдик партиясы коркутуп жолу менен добуш алган атат

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM