Марал Радиосу

Дин кызматкерлери Дипломатиялык академиянын курсуна катышат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери Дипломатиялык академиянын 10 күндүк окуу курсунан өтүшөт. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Эки тараптуу кызматташуу келишимине 28-сентябрда Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова кол коюшту.

Окуу курсунда дин кызматкерлери аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер, эл аралык мамилелер, маалымат системасы, дипломатиянын теориясы жана заманбап дипломатиялык система тууралуу маалыматтарды алышат.

Курс аяктаган соң Дипломатиялык академиянын сертификаты берилет.