Орусиялык S7 авиакомпаниясы коронавирустун жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу 30-сентябрга чейинки Орусиядан Кыргызстанга болгон рейстерин токтотту.
Бул тууралуу маалымат компаниянын сайтына жазылды.
Буга чейин учак билетин сатып алгандардын акчасы кайтарылып берилет, же кийинки сапар үчүн сертификат катары алууга болот.