Марал Радиосу

Министрлик окуучулардын каникулу боюнча тактоо киргизди

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын кызматкери Марина Гречанная окуучулардын күзгү каникулу боюнча «Маралга» туура эмес маалымат бергенин айтып, тактоо киргизди.

Ал бүгүн, 26-сентябрда мектептерде I чейрек 1-октябрда аяктаарын, окуучулар 2-9-октябрь аралыгында эс алууга таратыларын билдирген.

Бирок кийинчерээк туура эмес маалымат берип алганын кабарлады.

Ал белгилегендей, окуучулар 2-9-ноябрь аралыгында каникулга тарайт.

Окуучулар 2-9-октябрь аралыгында эс алышат