Биз менен байланышыңыз

Боронов алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 653 | 0

Региондорду өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлорду тартуу маанилүү ролду ойнойт. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусундагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, аймактарга чет элдик инвесторлорду тартуу — региондорду өнүктүрүүнүн бир кадамы. Ал үчүн өкмөт бардык зарыл шарттарды түзүүдө.

«Алсак, ченемдик-укуктук режим стабилизацияланган, салыктык жеңилдиктер түзүлгөн. Ошол эле учурда инвесторлорго карата шарттар коюлуп, алар аны аткарууда. Бүгүн биз алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салуудабыз. Келечекте бул окуя Чаткал районунун гана эмес, бүт өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизет», — деди Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн өкмөт инвесторлорду көбүрөөк тартуу үстүндө иш алып барууда.

«Пандемия экономикалык абалга өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бирок бул кыйынчылык учурда тоо-кен ишканалары өлкө өнүгүүсүнө өз салымын кошуу менен ишин улантып жатты. Алардын катарында «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бар. Буга катар компания бардык экологиялык жана социалдык талаптарды тыкыр аткарат деп ишеним билдирем. Бул маселе тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат. Ошондуктан ар бир ишкана айылдык тургундар менен ачык диалог жүргүзүүсү керек. Өз кезегинде жергиликтүү калк ишкананын айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымын реалдуу баалашы керек»,-  деди өкмөт башчы.

Өкмөттүн маалыматка ылайык, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% — «Кыргызалтын» ААКга, 75% — «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.

Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан.  Компания 2016-жылдан тарта 100 млн АКШ долларлык инвестиция тарткан. Буга катар социалдык-экономикалык колдоо жаатындагы келишимге ылайык, Терек-Сай айылына 50 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

«Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, анын 90% — жергиликтүү тургундар.

Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 млн тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Учурда ишканада алтын чыгаручу фабриканын курулушу жана калдыктарды көмүүчү жайды курууга даярдыктар жүрүүдө. Фабрика иштеп баштаганда, мында алтын жана күмүштүн эритмеси өндүрүлөт. Аталган өндүрүштүн өзгөчөлүгү катары иштетилип жаткан кен мышьяк камтыгандыгы эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM