Биз менен байланышыңыз

Окуучулар 2-9-октябрь аралыгында эс алышат

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 12107 | 7

Мектеп окуучулары 2-9-октябрь аралыгында эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, I чейрек 1-октябрда аяктайт. Күзгү каникул 8 күнгө созулат.

«Базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын каникулу белгилүү бир убакытта болот. 1-чейректен соң каникул 2-октябрдан 9-октябрга чейин созулат. Даталар окуучулардын белгилүү бир чейрек ичиндеги сааттарынын санына жараша эсептелет», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, II чейрек 2020-жылдын 12-октябрынан башталат.

Министрлик окуучулардын каникулу боюнча тактоо киргизди

7 пикир

7 пикир

  1. Эрнист

    26.09.2020 15:04

    Ноябрь айы эмес беле? Жаңылышып октябрь айы деп жазылып кетип калган эмеспи?

  2. Арсен

    26.09.2020 22:31

    2 ноябрдан 9 ноябрна чейин эмеспи?, туура маалымат жазбайсынарбы

  3. Айсалкын

    27.09.2020 07:57

    1- ноябрь эмеспи? 1-отябрда кантип 1- чейрек аяктап калат.?

  4. Венера

    27.09.2020 20:39

    Саламатсыздарбы,ошондо 12 — октябрь куну мектепке барабызбы,толук маалымат бере аласыздарбы

  5. Жаран

    27.09.2020 22:51

    Ээй дөөпарастар! Че вы вообще творите? Кандай түшүнсө болот? Мектептерге 1-инде окуйт деп указ жиберип,эми болсо 2-9 чейин каникул деп? Келесоо болсоңор өзүңөр эле болгулачы бизди кошо жинди кылбай.

  6. Анара

    28.09.2020 21:51

    октябрьбы же ноябрбы??

  7. Мугалим

    29.09.2020 20:28

    Каникулы ведь были в ноябре всегда?
    Первая четверть всего 1 месяц?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM