Марал Радиосу

Окуучулар 2-9-октябрь аралыгында эс алышат

Мектеп окуучулары 2-9-октябрь аралыгында эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, I чейрек 1-октябрда аяктайт. Күзгү каникул 8 күнгө созулат.

«Базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын каникулу белгилүү бир убакытта болот. 1-чейректен соң каникул 2-октябрдан 9-октябрга чейин созулат. Даталар окуучулардын белгилүү бир чейрек ичиндеги сааттарынын санына жараша эсептелет», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, II чейрек 2020-жылдын 12-октябрынан башталат.

Министрлик окуучулардын каникулу боюнча тактоо киргизди