Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб: Стационарлар, мобилдик топтор кайрадан иштөөгө даяр турушу керек

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 539 | 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөөгө чакырды. Ал Республикалык штабдын жыйынында өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн коронавирустун алдын алууга каршы иши чабал жүрүп жатканын сындады.

«Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарында коронавирус көп катталып жатат. Социалдык түйүндөрдө саясий партиялардын эл менен жолугушуулары боюнча сүрөт жана видеолор көп чыгууда. Анда беткап тагынуу режими жана социалдык аралык сакталган жок. Той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, кафе-ресторандарда массалык иш-чаралар өтүүдө. Бул боюнча жергиликтүү бийлик жана Ички иштер министрлиги чара көрбөй жатат. Рейддер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн жок. Массалык түрдө эл чогулган жер — оорунун очогу болууда», — деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынында зарыл болгон учурда стационарлар, мобилдик топтор кайрадан иштегенге даяр болушу керектиги айтылды.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, 175 жаңы учур катталды. Жалпы учурлардын саны 45 миң 932ге жетти. Вирустан айыккандар — 42 миң 147, каза болгондор  — 1063 киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM