Марал Радиосу

Бишкектеги эки соода борборго айып салынды

Бишкектин Биринчи май районунун акимиаты райондук милиция жана санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери менен биргеликте «Глобус» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүнүн санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган соода борборлорго кире бериште фильтр, дезинфекциялык килемчелер коюлбагандыгы, кардарлардын дене табы текшерилбей, антисептик себилбей, беткапсыз жүрүшкөндүгү аныкталды.

Буга байланыштуу супермаркеттердин администрацияларына «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айыппул салынды.

Мэрия санитардык рейддер күн сайын өткөрүлүп жатканын кабарлайт.

Бишкек мэриясы ишкерлерге шаардыктардын коопсуздугу үчүн соода жайларын коргонуу каражаттары менен камсыз кылууларын өтүнөт.