Марал Радиосу

Москва бийлиги 65 жаштан улуу жарандарды үйдө болууга чакырды

28-сентябрдан баштап Москва шаарынын мэриясы коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу 65 жаштан өйдө адамдарга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга карантин киргизет. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин билдирүүсүндө айтылгандыгын жергиликтүү басылмалар жазды.

Бүгүн мэр өзүнүн жеке баракчасында улгайган адамдарды үйлөрүнөн себепсиз чыкпоого чакырды. Собянин чектөөлөрдү акыркы күндөрдөгү Москвада коронавирустун жаңы учурларынын көбөйүшү менен түшүндүрдү.

«Күнүмдүк сатып алууларды жана салыктарды төлөөнү үй-бүлөнүн жаш мүчөлөрүнө тапшыруу керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, дүкөндөргө жана дарыканаларга баруу мүмкүн болушунча аз болуп, ар дайым беткап жана кол кап кийип жүрүү керек«, — деп жазган мэр.

Мындан тышкары, мэр 65 жаштан жогору иштеп жаткан пенсионерлерге жана өнөкөт оорулары бар адамдарга узак мөөнөткө эс алууга кетүүнү сунуштап, зарыл болсо, ооруга байланыштуу өргүү баракчалары бериле турганын билдирди.

Мындан тышкары, Собянин борбор калаадагы ишканалардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерин аралыктан иштөөгө жиберүүнү суранды.

Собянин коронавирус али жоголо электигине, пандемия дагы деле болсо уланып жаткандыгына көңүл бурду.

Бүгүн, 25-сентябрдын таңына карата, Москвада июнь айынан бери биринчи жолу коронавирустун миңден ашуун жаңы учуру катталды. Бир жума ичинде ооруканага жаткырылгандардын саны 30 пайызга көбөйдү.