Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

25-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 179 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда суунун агып келиши секундасына 328 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 241 куб метрге жетүүдө.

15-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метр болчу.