Марал Радиосу

Орусияда коронавирустан каза болгондор 20 миңге чамалады

Орусияда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан улам дагы 149 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү штабы маалымдады.

Муну менен Орусияда Covid-19дун курмандыктарынын жалпы саны 19 948ге жетти.

Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө 1 млн 128 миң 836 адам вирус жуктуруп алган. Анын 929 миң 829у айыккан. Учурда 222 мин 014 бейтап медициналык көзөмөл астында дарыланууда.