Биз менен байланышыңыз

Аравандагы жаңжал: 4 адам камалып, дагы экөөнүн баш коргоо чарасы аныкталууда

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 502 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы үгүт маалында чыккан жаңжалды талкуулап жатат. Учурда БШКнын жалпы жыйыны ЖМКлар аркылуу түз көрсөтүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулунун айтымында, жаңжалга тийиштиги бар делген 4 адам соттун чечими менен тергөө абагына камалды, дагы эки адам кармалып, алардын баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Учурда жалпы 12 адам ооруканада. Эшимкан уулу бул жаңжалга спортчулардын катышканы тууралуу маалыматтар так эмес экенин айтты. Жабырлануучулар ооруканада болгондуктан, алар чыккандан кийин гана чагымчылдардын ким экенин аныктоого мүмкүн болот.

«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары бул жаңжалга тийиштиги жоктугун айтып, чагымчылдар тарабынан чыкканын айтышты.

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван райондук милициясынын башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынганын, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылышканын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM