Марал Радиосу

NASA Айга биринчи болуп аял астронавтты жөнөтөт

Америкалык аэрокосмостук компания NASA 2024-жылы Айга адамдарын жөнөтмөкчү.

Экипаж 2 астронавттан — эркек жана аялдан турары айтылган. Биринчи аял астронавт учурулуп, андан соң кийинки астронавт жөнөтүлөт.

NASA «Артемида-3» космостук программасын ишке ашыруу үчүн 28 млрд доллар бөлүнөрүн маалымдады. Астронавттар «Орион» космос кемесинде учушат.

Айга пилоттук учуу планын ишке ашыруу менен Ак үй космостогу Американын лидерлигин калыбына келтирүүнү каалайт.