Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун жаңы 127 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Алар:
- Бишкек — 19;
- Ош — 8;
- Чүй облусу – 4;
- Ош облусу — 38;
- Талас облусу — 3;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу – 4;
- Жалал-Абад облусу – 20;
- Баткен облусу — 29 учур.
Жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 45 миң 757ге жетти.
24-сентябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1063 адамды түздү.
Ооруканаларда 591 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1651 бейтап бар.
Республикалык штаб: Той өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 101 адам сакайды. Алар:
- Бишкек – 15;
- Ош шаары – 13
- Чүй облусу – 9
- Ош облусу – 17
- Талас облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 14
- Жалал-Абад облусу – 10
- Баткен облусу – 20 адам айыкты.
Учурда коронавирус жана пневмониядан айыккандардын жалпы саны 42 005ти түзүүдө.
24-сентябрга карата коронавирус менен катталгандардын алтоо — медициналык кызматкер. Алар: Бишкек шаарында — 2, Ош шаарында — 3, Ош облусу боюнча — 1 учур.
Ошол эле акыркы суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининдеги 17 медкызматкер да сакайды.
COVID-19 вирусу 3214 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2896сы айыгып чыкты.