Марал Радиосу

Нью-Йоркто өзбек мектеби ачылды

Нью-Йорктун Бруклин шаарында (АКШ) «Зиё Арт» өзбек мектеби ишин баштады. Мектептин расмий ачылышы ушул жылдын 19-сентябрында өттү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, мектеп өлкөнүн Нью-Йорктогу башкы консулдугу жана «Махалла USA» диаспорасы менен биргеликте ачылган.

Өзбек мектеби 16 Avenue О, Brooklyn NY 11204 дарегинде жайгашканы айтылган. Анда өзбек тили жана адабияты, этика, сүрөт, шахмат, математика сабактары окутулат.

Окутуу ишемби жана жекшемби күндөрү болот. Анда атайын квалификацияланган мугалимдер өзбек тилинде сабак берет.

Өзбекстан бийлигинин тапшырмасы менен консулдук өзбек мектебинин китепкана фондуна китептерди жана адабияттарды бергени маалымдалат.