Марал Радиосу

Боронов: Быйыл ички иштер органдарына элдин ишеними жогорулады

2020-жылдын ичинде 3 органга болгон элдин ишеними жогорулады. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып айтты.

-Ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлдү.

-Саламаттык сактоо уюмдарына өткөн жылы 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жогорулады.

Айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга чыкты.