Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан тоо туризмин өнүктүрүүгө 500 млн $ инвестиция салат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 334 | 0

Өзбекстанда өкмөттүн токтому менен Ташкент облусунун Бостанлык районунда «Белдерсай-Чимган-Нанай» эл аралык сезондук эс алуу жайын уюштуруунун башкы планы иштелип чыкты.

«Ноома» билдиргендей, планды франциялык «Geode», «Manie Lives», «Egis», «Patriarche», «Epode» компанияларынын консорциуму Франциянын Жеке секторго изилдөө жана жардам берүү фондунун (FASEP) колдоосу менен түзгөн.

Башкы планда Франциядагы мамлекеттик каржы институттарынын каражатын кошкондо 500 миллион долларга чейин инвестиция тартуу каралган. Алар туризмди, жол транспортун жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө барышат.

Ошондой эле Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги консорциум менен консультациялык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол койду.

Франциянын казынасы Өзбекстанга «Белдерсай-Чимган-Нанай» курулушунун долбоорун ишке ашыруу үчүн 47,9 миллион евро насыя бөлөрү маалымдалды. Насыя келишимине долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенден жана экспертизадан өткөндөн кийин кол коюлат.

Улуттук банк «Белдерсай-Чимган-Нанайдын» жол транспорту, коммуналдык кызматтары жана туристтик инфраструктурасын куруу үчүн долбоордун кеңсесине насыя берет.

Copyright © 2017 Maral FM