Марал Радиосу

Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

22-сентябрда кечки саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял, 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Ошондой эле беш адам — эки эркек, бир аял жана эки жаш бала жараат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Каза болгон адамдардын сөөгү унаадан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлгөн. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.