Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата 19-сентябрь күнү кыргызстандыктарга жашаган жерин өзгөртүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болду. Анда көпчүлүк жарандар убактылуу жашаган жерине жакын жердеги шайлоо участкаларына «Форма-2» үлгүсүндөгү арыз жазып, каттоого тура албай калган. Борбордук шайлоо комиссиясы бул көрүнүшкө шайлоочулар өздөрү күнөөлүү экенин айтса, жарандык коом жарандардын шайлоо укугу тебеленгенин билдирди.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, шайлоочулар шайлоо белгиленген убакытка 15 күн калганда жашаган дарегин өзгөртүп, же убактылуу жашап жатканына байланыштуу «Форма-2» үлгүсүндөгү арыз жазып, каттоого турса болот.
Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты ички жана тышкы миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын шайлоо укугун коргоо болгон.
Бирок, 18-19-сентябрь күндөрү «Форма-2ге» каттоочу сервер жакшы иштебей, көпчүлүк шайлоочулар тизмеге кирбей калганын айтып чыгышты. Алардын айтуусу боюнча, 18-сентябрь күнү каттоого алуучу сервер жай иштеп баштаган. Ал эми 19-сентябрь күнү эрте менен жакшы иштеп, бирок саат 10:00 чамаларында такыр иштебей калган.
Шайлоочулардын бири, Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайлардын биринде окуган Сагынбек Алыкуловдун билдирүүсүнө караганда, ал шаардагы №1241 шайлоо участкасына «Форма-2» тапшырганы барган. Бирок, кезеги келгенде сервер таптакыр иштебей калганын айтат.
— Мен саат 12лерде №1241 участогуна барсам, алдыда 4 киши бар экен кезек күткөн, 5-болуп тургам. Бирок убакыт көпкө созулду. Саат 15:00дө кезегим келип, кирсем сайты иштебей калды. 17:30га чейин күтүп турдум, анда да иштеген жок. Анан башка участкага бардым, №1005 участогуна. Ал жерде да ушундай абал экен. Бирок, арыз жазып бердим, биометрикалык маалыматымды текшерген жок, шайлоочулардын тизмесине кирдимби же жокпу билбей атам, — дейт Алыкулов.
Ушундай эле учур башка шайлоо участкаларында болгон. Алардын дагы көйгөйү сервер менен байланышканы айтылат. Бишкек шаарынан дагы бир жаран, Садырбек Саматов жогоруда аталган көйгөйгө туш болгон.
Саматовдун айтымында, ал шаардагы №1159 шайлоо участогуна барып, шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн 2 саатка жакын күтүп турган. Бирок, каттоого алууда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, башка шайлоо участогуна барууга аргасыз болгон.
— Биз күтүп тура бербей башка шайлоо участогуна бардык. Саат 16:00дө №1158ге келдик, ал жактан дагы каттоого алууда кыйынчылык болуп атыптыр. Кийин, №1127 участкасына келип, бир сааттай күтүп турдук. Бирок, ал жердеги комиссиянын мүчөлөрүнөн бирөө чыгып, А4 форматындагы кагаз алып келишибиз керектигин айтты. Негизи, шайлоодо мындай кагаздарга деле акча төлөнөт да, бизден талап кылбайт, — дейт Садырбек Саматов.
Ошондой эле аталган участкалардын компютердик жабдуулары эски болуп, иштөөсү жай болгонун, биометрикалык маалыматты текшерген аппараты дагы жакшы иштебегенин кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул маселени БШК тыкыр иликтеши керектигин айтып, шайлоочулардын укугу тебеленгенин билдирди. Ал бул көрүнүшкө Боршайкомдун жетекчилиги расмий жооп бериши керектигин айтат.
— Шайлоочулардын тизмесин тактоодогу акыркы күндөрү, 18-19-сентябрь бардык региондордо шайлоо участкалары иштебей туруп калышты. Аны жарандар айтып, жазып чыгышты. Мен жарандарга айттым, биздин БШКга расмий арыз жазгыла деп. Мен ойлойм БШК бул техникалык мүчүлүштүктөргө ким жооптуу, канча шайлоочунун укугу тебеленгенин аныктап, тактап, расмий маалымат бериши керек, — дейт Абдрахматова.
Абдрахматова ошол эле күнү БШКнын жетекчилигине жана башка мүчөлөрүнө кат жолдогонун, анда шайлоочулар «Форма-2» тапшыра албай жатканын айтканын Фейсбуктагы баракчасына бөлүшкөн.
Бирок, расмий Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе айрым учаскаларда гана болгонун айтат. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде мындай көрүнүштөр техникалык себептерден улам келип чыкканын, бирок адистер ал маселени дароо жоюуга аркет кылганын билдирди.
— Сервер ара-арада иштебей, катып калып жатты, такыр иштебей калды деген туура эмес. «Форма-2нин» тапшыруунун өзүнун мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтү бар: ал шайлоого 15 календардык күн калганда токтотулат. Ошого байланыштуу 19-сентябрды кошуп алганда, ошол күнү берилгендер тактоого алынат, андан кийинкилерин кабыл алуу токтотулган, — деди төрайымдын орунбасары.
Бекматов шайлоочуларга жашаган жерине ыңгайлуу участкага каттоого турууга 2 ай убакыт берилгенин, укугун 19-сентябрь күнү эмес, ага чейинки күндөрү карашы керек болгонун кошумчалады.
— Биздин атайын адистер кайсы жерде техникалык мүчүлүштүктөр кеткен болсо, ошол жерге барып оңдоо иштерин жүргүзүштү. А жарандар болсо укугун 19-сентябрь күнү эмес, ага чейин 80 күн берилген, ошондо карашы керек эле, — деди Бекматов.
Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев социалдык тармактарда айтылып жаткан маселе, жарандарды каттоого алууда сервердин иштебей калышы чын болуп, фактылар болсо, анда ошол аймактык шайлоо комиссиясынын үстүнөн арыз жазууга болот.
— Ошондой шайлоо дарегин которо тургна шйалоочу ага чейин эртерээк барып, каалоосун билдирип арыз жазса, ал жерден албай койсо, анда арызданса болот. Ошондой эле, кечээ дагы арыз жазганы участокко барып, бирок албай койгону чын болгон болсо, шайлоо комиссияларынын иш-аракеттерине арызданса болот. БШК буга тиешелүү чараларды көрүшү керек, мыйзам боюнча ушундай, -деди Акылбек Сариев.
Ал эми «Таза шайлоо» ассосациясынын актаруучу директору Эдир Бованын билдирүүсү боюнча, кечээги окуяда шайлоочулардын укугу бузулду. Ал мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен каралган 2 күн шайлоочулардын укугун коргоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгонун айтат.
— Шайлоо күнү өзүнүн расмий катталган жеринде шартына байланыштуу боло албай турган жарандардын укугу тебеленди деп ойлойм. Анткени биздин жарандардын көпчүлүгү ички миграция менен жүрүшөт жана шайлоо күнү өзү жашаган жеринен башка жакта болот. «Форма-2ни» канчалаган жарандар жөн эле техникалык себептен улам тапшыра албай калды, — деп билдирди Бова.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия жана 1912 талапкер ат салышып жатат. Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоого катышкан жарандардын 7%дан жогору добушун алган партия парламентке барат.