Марал Радиосу

Президент да Аравандагы окуяга көңүл бурду

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча Өкмөттүн көз карашын колдоого алды. Бул тууралуу 21-сентябрда өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Жээнбеков өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен өткөргөн онлайн жыйында, келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван райондук милициясынын башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды, бир катар кызматкерлер да тартип жазасына тартылышты.

ИИМ тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жазага тартыларын кабарлады.

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

Министрлик үгүт иштери учурунда чагым кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Саясий партиялар  шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.