Марал Радиосу

Каттоо кызматы кеңеш берүүчү кошумча телефон номурларын киргизди

Мамлекеттик каттоо кызматы кеңеш берүүчү кошумча телефон номурларын киргизди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жарандар (312) 98-61-92 жана (312) 98-61-41 номерлери аркылуу паспортторду жана каттоо дарегин (катталууну) тариздетүү, ЖААК, транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр маселелери боюнча кеңеш ала алышат.

Ошондой эле шайлоочулар тизмесинен өзүн тактап, мамлекеттик номерлердин онлайн аукциону тууралуу да биле алышат.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн номурлар аркылуу даттанууларын жана сунуштарын калтыра алышат.