Марал Радиосу

Казакстан: 65 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду

Акыркы суткада Казакстанда коронавирустун жаңы 65 учуру катталды. Муну менен өлкөдө жалпысынан 107 миң 199 адам коронавирус жуктурду.

Ошондой эле бир суткада Казакстанда 212 бейтап айыкты. Алардын көпчүлүгү (64) Батыш-Казакстанда.

Өлкөдө жалпысынан коронавирус жуктаргандан кийин 101 миң 822 адам айыкты.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, өткөн суткада 5 адам коронавирус жана пневмониядан улам көз жумган.

Учурда коңшу өлкөдө 3 684 адам коронавирус инфекциясынан дарыланууда, алардын 39у балдар. Эмдөөдө жаткандардын 102си оор абалда.