Марал Радиосу

Өзбекстанда жакырчылыкты кыскартуу боюнча изилдөө борбору ачылат

Өзбекстанда Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинин Божомолдоо жана макроэкономикалык изилдөөлөр институтунун базасында «Жакырчылыкты кыскартуу жана калктын жыргалчылыгын изилдөө» илимий борбору түзүлөт.

Борбордун түзүлүшү 2020-2021-жылдарга Өзбекстанда экономикалык өсүштү калыбына келтирүү жана структуралык өзгөрүүлөрдү улантуу боюнча практикалык иш-чаралар планында белгиленди.

Документте белгиленгендей, илимий борбор 2020-жылдын октябрь айына чейин түзүлөт. Борборду мамлекеттик бюджеттен каржылоо пландалууда.

Борбор жакырчылыкты кыскартуу боюнча илимий, усулдук жана изилдөө иштеринин базасын өркүндөтүп, райондук жана шаардык деңгээлде сунуштарды иштеп чыгат.

Иш-чаралар планына ылайык, үймө-үй кыдырып, сурамжылоонун жыйынтыгында 583 миң жакыр үй-бүлө каржылык жардамга муктаж экендиги аныкталды.

«Жакырчылыкты жоюу жана бул үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу боюнча даректүү иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу башталды» деп айтылат иш-аракеттердин планында.