Марал Радиосу

19-сентябрда Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт

Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу  «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова маалымат жыйынында билдирди.

Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

Дүйнө жүзү боюнча өтө турчу тазалык акциясына 180 өлкө катышат. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышууда.

2019-жылы жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Топтолгон таштандылар 3 түргө бөлүп, чогултулат.

Уюштуруучулар «Тазалык» акциясына бардык жарандарды чакырат.