Биз менен байланышыңыз

Боливиянын убактылуу лидери президентикке талапкерлигин алып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 524 | 0

Боливиянын убактылуу лидери Жанин Аньес президенттикке талапкерлигин алганын жарыялады. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, муну ал демократиялык күчтөрдүн талапкерлеринин ортосунда добуштардын бөлүнүшүн каалабаганы менен түшүндүрдү.

Боливияда президенттик шайлоо 18-октябрга белгиленген.

2019-жылдын ноябрь айында мурдагы президент Эво Моралес өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктар болуп, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, Жанин Аньес убактылуу президент болгон. Ал буга чейин өлкөнүн парламент төрагасынын экинчи орун басары болуп иштеген.

«Бүгүн мен Боливиянын президенттигине талапкерлигимди алам. Бул курмандык эмес, чоң сыймык, анткени мен аны демократиялык талапкерлердин ортосунда добуштардын бөлүнүп кетүү коркунучу болгондуктан жасап жатам», — деди Аньес видео кайрылуусунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM