Биз менен байланышыңыз

Трамп президент болгон соң бардык досторун жоготконун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 356 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп эң жогорку мамлекеттик кызматка шайлангандыгына байланыштуу, бардык досторун жоготконун, алардын ордуна Конгресстин мүчөлөрү келгенин айтты.

«Мен бул кызматтын айынан бардык досторумдан айрылдым. Менин досторум бар болчу.  «Эй Дон, кел, кечки тамакты ичели. — «Окей, жакшы, Ричард, мен барайын.» — «Эй, Дон, кетели.» — » Макул Ларри, кийинчерээк Нью-Йорктогу ресторандардын биринде жолукканга чейин…» Бизде сонун маектер бар болчу. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү билбешиңиз керек, бул сиздин ишиңиз эмес. Бирок биз эс алчубуз», — деди Трамп шайлоочулар менен жолугушууда.

«Күтүлбөгөн жерден Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп калдым.  Эми мени «Урматтуу президент мырза, качандыр бир кезде кездешүүнү каалайсызбы?» деп чакырышат. Мен: «Эс ал. Мени жөн гана Дональд деп атаңыз, сиз мени 30 жылдан бери тааныйсыз», -дечүмүн. Бирок алар болбой эле: » Чоң рахмат, урматтуу президент» дешет, — деп сөзүн улады Трамп.

Ал спирт ичимдиктерин ичпесе да, достору менен отуруп, иче албай калганына нааразы болду.

Трамп эми досторун алмаштырган Конгресстин мүчөлөрүнө ишениши керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM