Биз менен байланышыңыз

Ухань пандемиядан бери 1-эл аралык каттамды кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 316 | 0

Коронавирус пандемиясынын эпицентри болгон Кытайдын Ухань шаары пандемияга байланыштуу 7 айдан соң биринчи эл аралык каттамды кабыл алды.

Түштүк Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеулдан Уханга бара жаткан учагы 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10: 48де Тяньхэ эл аралык аэропортуна конду.

Белгиленгендей, эми бул рейс ар шаршемби сайын Боинг 737-800 учагы менен аткарылат.

Ухань шаарына келген 60 жүргүнчүнүн бардыгы 14 күндүк карантинден өтүү үчүн атайын мейманканага жөнөтүлдү.

Учурда Ухань аэропорту 73 ички каттамды жандандырды. Аэропорт күнүнө болжол менен 500 рейсти тейлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM