Биз менен байланышыңыз

Санитардык талаптарды сактабаган партияларга чара көрүлө элек

Кыска кабар , Саясат | 16 Сен 2020 | 770 | 1

Парламентик шайлоого катышуу үчүн катталган 16 партия үгүт иштерин жүргүзүп, коомчулукка программаларын тааныштырып жүрөт. Өнөктүк башталгандан бери дээрлик 2 жумага жакын убакытта эл менен жолугушкан талапкерлердин басымдуу бөлүгү беткап кийген жок. Ал эми өлкөдө короновирус боюнча абал дагы деле коопту. Жарандардын коопсуздугуна ким кам көрөт? Үгүт иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөгөн Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын мындай жоопкерчиликсиз мамилесине эмне дейт?  Коронавирус боюнча санитардык эрежелерди сактабаган талапкерлерге чара көрүлдүбү?


Учурда парламенттик шайлоого аттанган партиялар жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүп, эл менен жолугушуп жүрөт. Бирок көпчүлүк талапкерлер бет кап кийбей туруп, жарандар, өзгөчө чоң ата-апалар менен кол алышып учурашып жатканына күбө болуп жатабыз.

«Бүтүн Кыргызстан»

«Ыйман-Нуру»

«Биримдик»

«Ата мекен»

  

«Бир Бол»

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Республикалык штабдын маалымат борборунда Баткен, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турганын билдирди. Министр аталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталышы керектигин эскертет.

— Мисалы, 7-13-сентябрда республикада көрсөткүч жети болсо, Баткенде 19, Ысык-Көлдө жана Бишкекте 11 болду. Башка аймактарга караганда, булардын көрсөткүчү жогору. Аталган аймактарда атайын багыттагы жумуштарды алып баруу керек. Суранып кетет элем, көңүл бурсак.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрда үгүт иштерин жүргүзүүдө санитардык талаптардын сакталбай жатканы боюнча бардык саясий партияларга эскертүү берди. Ошол эле күнү бул маселени тез арада көтөрүп, чара көрүү сунушу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн республикалык штабга да жиберилди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарына ылайык, БШК санитардык талаптарды сактабаган партияларга чара көрө албайт. Ал эми тийиштүү эрежелерди сактоо штабдын чечими болгондуктан, штаб чукул чараларды көрүшү керек болчу. Бирок өкмөт чабалдыгын көрсөтүүдө.

— Өкмөт башчы Кубатбек Боронов бир жагынан экинчи толкунду күтүп жатканын айтып, ошол эле кезде партиялар менен иштешпегени — анын чабал иши. Эгерде коюлган талаптар аткарылышы керек десе, анда өкмөт партиялардын жолугушууларын көзөмөлгө алып, айып салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, партиялар да эсине келмек. Өкмөт атайын кылгандай эле болуп жатат. Илдеттин экинчи толкуну болушу үчүн атайын кылгандай сезилип жатат. Эң жаманы — өкмөт «мына партиялар менен жолугуп, ооруп жатасыңар» деп, кайра элди күнөөлөп коёт. Партиялардын санитардык талаптарды сактабаганын көрүп туруп, эмне үчүн унчукпай отурушат? Аткаруу бийлиги сыртка чыгып, эл алдында чынында оору бар экенин элге түшүндүрүшү керек эле.  

Жергиликтүү бийлик органдарына тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык талаптардын, анын ичинде коомдук жайларда беткап кийүү жана социалдык обочолонууну сактоо талаптарын тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздоо тапшырылган.  Мындан тышкары, аларга коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө иши жүктөлгөн.

Жергиликтүү бийлик органдары санитардык ченемдердин аткарылышы боюнча үзгүлтүксүз негизде рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындай иштер элүүдөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөө боюнча да өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.

Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар − коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет. Саясий партиялар шайлоочулардын ден соолугу үчүн чоң жоопкерчиликти сезүүсү керек! Республикалык штаб шайлоо өнөкөтүнүн бардык катышуучуларын киргизилген санитардык чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, аларды сактоого чакырат.

Ал эми Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору санитардык ченемдерди бузган партияларга эч кандай чара көрүлө электигин, эреже бузгандарга айып салына электигин айтат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Мира Курманова маалымдады:

— Биз али чыга чыга элекпиз. Кечээ эле штабдын протоколу келди. Анын негизинде барып, текшеребиз. Азырынча текшерүү болгон жок, айып да салына элек. Ушул күндөрү көзөмөлдөп баштайбыз. 

Коомчулук пандемиядагы жоготуулардан сабак албаптыр.  Жарандардын ден соолугу шайлоодон да баалуу. Андыктан БШК кандай болгон күндө да үгүт иштерин көзөмөлдөп, талаптарын коюшу керек. Өкмөттүн шалаакылыгынан улам үгүт өнөктүгүндө санитардык ченемдер так аткарылбай жатат. Мындай пикирин жарандык активист Замир Айылчиев билдирди.

— Бул жерде ар бир жаранда жоопкерчилик бар. Аны менен катар БШК олуттуу мамиле кылышы кажет. Анткени алар ар дайым жоопкерчиликтен качып жатышат. Маселен, концерттер өткөрүлбөй турганы айтылган. Бирок партиялар концерттерди уюштурууда. БШК эмне үчүн ошолорго айып салбайт? Мунун баары БШКнын шалаакылыгы , өкмөттүн жоопкерчиликсиз мамилесинен улам келип чыгууда. Бул маселени тез арада чечүү керек. Антпесек, илдеттин экинчи толкунунда көптөгөн жарандарыбыздан айрылып калышыбыз ыктымал. Башка мамлекеттер вирустун кийинки толкунуна даярданып жатат. 

Азыркы тапта өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулар дистанттык түрдө билим алып жатышат. Бирок коронавирус пандемиясына карабай, үгүт иштеринин кадимки тартипте жүрүп жатканы коомчулукта сынга алынып, нааразычылыктарга себеп болууда. Атүгүл COVID-19 социалдык тармакта тамашага да айланып кетти.

1 пикир

1 пикир

  1. Мариям

    16.09.2020 20:44

    Чын эле биз бул жакта окууга барбай, кыйналып жатабыз. Эмне үчүн барбай жатабыз? Абал мурдагы абалга толук түрдө кирсин деп. Коомдук иш-чаралар болбой жатат. Эмнеге? Абал туруктуу болсун деп. Баарыбыз бир нерсебизди курман кылуудабыз. Булардын маскасыз жүргөнү күйдүргү го.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM