Ар өнөрдөн такшалган инсандардын чыгармачылыктагы жетишкендиктери жана басып өткөн жолдору тууралуу “Мен жана мезгил” программасында маек куруп келебиз. Бул жолку маектешим — Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Керим Турапов.
— Бүгүн сиздин өнөр жолуңуз тууралуу кеп кылалы
— Айылдан чыккан баламын, жаратылышы керемет, кооз жерде чоңойдум. Оштогу музыкалык окуу жайын бүттүм. Армияга бардым. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык институтунун вокалдык кафедрасынын ырчылык бөлүмүн бүттүм. Орус улутундагы чоң ырчылардын бири, бас үндүү Владимир Муковниковдун классын бүттүм. Мурда Союз учурунда телерадионун алдында оркестрлер бар эле, анткени ошол замат жазып, анан эфирге чыгарууга ыңгайлуу деп түзүлгөн. Искусствого жана маданиятка эбегейсиз зор салымын кошкон, дээрлик көп чыгармаларды профессионалдык деңгээлге чыгарган оркестрлер атасы Асанкан Жумакматов чоң оркестрине мени солист кылып алды. Ал жерде абдан көп иштедим.
— Опера ырчысы болуу — бул сиз көздөгөн кыял беле?
— Бул абдан кызык нерсе да. Айылдын топуракка аралашып, кир болуп жүргөн баласы элем, дүйнөлүк классиканы таанып, ырдап калам деген ой болгон эмес, жада калса ал учурда свет да жок болчу. Жетиштүү үйлөрдө гана радио болор эле. Ошондо ырларды жана программаларды угуп калар элем. Бирок ырдайм деп көксөгөн эмесмин. 9-классты бүтүп, Курулуш техникумуна тапшырып, өтпөй калгам. Ош педагогикалык институттун музыка бөлүмүнө дагы тапшырып, ал жактан да кулап калдым. Кийин экинчи жолку турга катышып, ошол жерден Ирина Денисова деген эже мени угуп көрүп, «вокалга тапшырасың» деп калды. Ошол учурда түшүнүп-түшүнбөй, жашоомдогу чоң бурулушту жасадым.
— Атак—даңкка жетүү үчүн билимдин кереги барбы?
— Сөзсүз керек, азыр айтсам, сөз жаштарга тийиши мүмкүн. Бирок мени жаман көрбөсүн, үстүртөн байкап, беш колдой көрүп турам. Тойлордо жакшы ырдап жүргөндөр бар, кээ бирөөсүнүн сабаты терең эмес. Билимдүүлөр өздөрүн олуттуу алып жүрүшөт.
— Дүйнөлүк классикалык ырлардан кайсыл композиторлордун репертуарындагы ырларын ырдап жүрөсүз?
— Профессионал ырчы 3-4 бөлүккө бөлүнөт: тенор, лирикалык тенор, драмалык тенор, баритон, бас.
Ал эми дүйнө элдерин суктанткан чыгармалар көп. Алсак, Вердинин чыгармаларын аткарып жүрдүм. Кыргыз операсынан көп чыгармаларды ырдап жүрдүм.
— «Айылга кат» деген ырыңыздын тарых-таржымалына кенен токтолсок?
— Мен ошол жылдары айылыма барып калдым. Ал тарапка барганымдын себептери бар болчу, туугандар менен учурашып, көзү өткөндөргө куран окуттук. Ошондо улам бир айылдан бир айылга барабыз. Мен мурда көрүп жүргөн айыл ичи, үйлөр, кээ бирлери жаңыланса, ал эми кээ бирлери урап калган, короолору жабык. Менин үйүм деле ошондой көрүнүштө, бир жагын шамал учуруп кеткен. Ал үйүмө дагы кирген жокмун, бир айланып, машинеге олтуруп кетип калдым. Анан бул ырга сөз жаздым, мааниси ушундай эле көрүнүш болчу. Ал эми обону даяр болуп калды. Үйдө обондор жыйылып турган, ошолорду карап жатып, жарым баракка жазылган ырга көзүм чалдыкты. Окуп көрсөм, мен буга чейин айта албай жаткан сөздөрдүн баары камтылган экен. Бирок автору жок экен. Учурунда Каныкей Эралиева эже мага берген экен. Чалып уруксат сурап, ыр жаздырам деген оюмду айтсам, «ооба, болот. бирок ал ыр меники эмес. Учурунда акын Надырбек Алымбеков жазган»,- деди. Кийин анча- мынча жерлерин өзгөрттүм дагы ыр жаралды. Ошол ыр менен Казакстандын бир топ жерине барып калдык. Бул ырды уккандан кийин ыйлагандар дагы көп эле болду.
— «Эгерде күчтүү болгун келсе, жалгыз күрөшүүнү үйрөн» деген сөз бар эмеспи. Жетекчи катары көп жылдан бери эмгектенип келесиз. Бул статус сизге эмнени үйрөттү?
— Маданият чөйрөсүндө жетекчи болуш абдан кыйын экен. Менин бир жагы өкүнгөнүм да бар. Анан ошол эле учурда жетишкен ийгиликтер дагы болгон. Бирок мен көп чет мамлекеттерге чыгып келдим. Тажрыйба алмаштым, өнөр адамдарына болгон мамилени, түзүлгөн шарттарды көрүп келдим. Эми өкүнгөн жагымды айтып берейин. 40 жашка толгонумда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияга жетекчи болуп келдим. «Сахна жаштыкты, сулуулукту сүйөт», үндүн дагы таза, тунук мезгили болот. Мен ошондой учурда жетекчи болуп, 10 жыл иштедим. Ал жерден 50 жашымда кеттим. 50 жаштан 60 жашка чейин дагы убакыт бар болчу. Бул учурда эч жерде иштеген жокмун. Турмушта дагы ошондой болду, чыныгы чыгармачылыкты баалап, баа берүү деле мамлекет тараптан болбой калды. Бир чоң чыгарманы даярдап, ырдаш чоң вагондогу жүктөй эле. Чоң күч- кубат кетет. Ал эми ошол убактта шаңдуу ырдагандар алкыш, кол чабууларга арзышты, жетекчи дагы мактады. Ошол учурда бир аксакалыбыз мамлекеттик катчы болуп көп эле жыл эмгектенип жүрдү. Ошондо ошол кишинин айткан сөзү дале болсо, менин жүрөгүмдө. Мамлекеттик деңгээлде концерт уюштурулуп, бир ырчы кызыбыз толкунданып, берилип ырдап атат. Анан карап олтуруп ошол кишибиз: «Негизи ушул керекпи, чыйылдатып ырдатып, кыргызга жагабы мындай көрүнүш?»- дегенде, мен ушунчалык көңүлүм калды. Эгерде ошол жетекчи классиканы түшүнүп алса, ал жетишээрлик байлык болот эле, ал эми түшүнүгү жок жерде эч кандай өсүп-өнүгүү болбойт.