Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандагы чектөөлөр 15-октябрга чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 534 | 0

Түркмөнстанда коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр 15-октябрга чейин узартылды. Бул мөөнөткө чейин коомдук тамактануучу жайлар, соода борборлору, кызмат көрсөтүүчү, маданий жана спорттук жайлар убактылуу иштебейт.

Ал эми дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү, чач тарач жана жеткирип берүү кызматтары кадимки тартипте ишин улантат.

Эске салсак, Түркмөнстанда коронавирус расмий түрдө катталган эмес. Бирок өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана медициналык өнөр жай министрлиги жарандарга «абадагы чаңдын көптүгүнөн» беткап кийип, социалдык аралыкты сактоону сунуш кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM