Биз менен байланышыңыз

Евро Биримдик Лукашенкону легитимдүү президент деп тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 342 | 0

Александр Лукашенко Беларусиянын легитимдүү президенти болуп саналбайт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель маалымдады.

-Биз 9-августта өткөн шайлоону негизсиз деп эсептейбиз…. Ошондуктан Лукашенкону Беларусиянын легитимдүү президенти деп кабыл албайбыз,- деди ал.

Европа Биримдиги Беларусиядагы кыйын абалды чечүү үчүн ЕККУнун көзөмөлү астында кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керектигин айтат.

Белгилей кетсек, Беларусияда президенттик шайлоо 9-августта өттү. Шайлоодо Светлана Тихановская Александр Лукашенкого башкы атаандаш болду. БШКнын маалыматы боюнча, Александр Лукашенко добуштардын 80,23 пайызын, Светлана Тихановская 10 пайызын топтоду. Оппозиция өкүлдөрү БШКнын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Беларусияда 9-августтан, Александр Лукашенконун кайрадан президент болуп шайлануусунан бери, нааразычылык акциялары токтобой келет. Президенттик шайлоонун бурмаланышына каршы нааразычылык акцияларынын 37-күнү болду.

Евросоюз 40 беларус саясатчысына санкция киргизүүгө даярданууда, бирок бул тизмеге Александр Лукашенко киреби, жокпу анык эмес.

Буга чейин АКШ Беларусияга санкция киргизүү боюнча Евробиримдик  менен талкуу болорун айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM