Биз менен байланышыңыз

Казакстанда акыркы суткада 408 адам пневмония менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 491 | 0

Акыркы суткада Казакстандын аймагында 64 адамга коронавирус оорусу жукканы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады.

Акыркы эсепти кошкондо пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 106 984 адамга коронавирус жуккан. Оорунун кесепетинен 1671 адам көз жумду.

Казакстанда акыркы суткада 408 адам коронавирустук пневмония менен катталган. 1-августтан бери 30 074 адам пневмония менен ооруган, анын 332си көз жумса, 26 406сы пневмония дартынан айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM