Марал Радиосу

Этникалык кыргыздар бюджеттик орундар үчүн сынакка катышты

Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар жогорку окуу жайларга бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак тапшырышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, тестирлөөгө 19 талапкер катышып, жыйынтыгында рейтингде жогорку балл алган 15 студент окууга сунушталды. Калган төртөө резервде болот.

Сынак Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.