Марал Радиосу

Шайлоо-2020: Боронов добуш сатуу кылмыш экенин эскертти (видео)

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоо алдында добуш сатуу кылмыш экенин эскертти. Ал саясий партияларды мыйзам бузбоого чакырды. Өкмөт үйүндө өткөн бүгүнкү брифингде ар бир жаран жүрөгү менен гана тандоо кылышы керектигин өтүндү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда үгүттөө иштери жүрүп жатат. Шайлоого катышууга 16 партия катталган.