Марал Радиосу

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жооптуу өкүлдөрү жолугушту

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кыргыз тараптан Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушууда тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.

«Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти», — деп жазган өкмөттүн маалымат кызматы ал кайсы маселелер экенин маалымдаган  жок.