Марал Радиосу

Кыргызстандагы мектептерге 25 миңден ашык компьютердик жабдык берилет

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке компьютердик жабдыктар берилет.

Долбоор билим берүү жараянын өнүктүрүүгө шарт түзүү жана мугалим менен окуучулардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Долбоордун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар пайда болот. Ар бир класста 15тен компьютер (25 200 даана компьютер эмерек менен), бирден көп функционалдуу жабдык (сканер, принтер, көчүрүү модулу — 1200 даана) жайгашат. Ушул эле мектептерде өзгөчө математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүүгө мүмкүндүк берген 6 мультимедиалык класстар ачылат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, 8 педагогикалык колледжде да компьютердик класстар пайда болот.

Мындан сырткары окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасына катышуу, балдарды окутуунун натыйжалуулугун, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында табигый илимдер предметтерин окутуу методикасы курстарынан 36 миң педагог өтөт.