Марал Радиосу

Кыргызстанда орточо айлык акы 18 миң сомду түздү

Кыргызстанда быйылкы жылдын 7 айында орточо айлык акы 17 миң 996 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.

2019-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу, быйыл айлык акынын жогорулашы бардык ишканаларда байкалган.

Мисалы, билим берүү тармагында орточо айлык акы — 23,9 пайызга, административдик жана көмөкчү иш-чаралар тармагында — 17,8 пайыз, мейманкана жана ресторан тармагы – 16,6 пайыз, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу тармагында – 13,2 пайыз, маалымат жана байланыш тармагы – 11,9 пайыз, илимий тармакта айлык акынын орточо көлөмү 9,4 пайызга өскөн.

Бирок электр энергиясы, газ, буу жана кондиционердик аба менен камсыздоо кызматтары, кыймылсыз мүлк, автоунаа менен алектенген ишканаларда айлык акы жогорулаган эмес.