Марал Радиосу

Президент шайлоо тууралуу терс билдирүүлөргө ыкчам реакция кылууну тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешмеде эпидемиологиялык абал жана шайлоо маселесин талкуулады. Ал шайлоо тууралуу ар кандай терс билдирүүлөргө жана макалаларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтты.

Пандемиянын экинчи толкуну болоруна байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдоого, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетүүгө көңүл бурду.

Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилине өкмөттүк түзүмдөрдүн камылгалары жөнүндө, ошондой эле парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, республикалык бюджетти көбөйтүү аракети көрүлүп жатканын кабарлады.

Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 928ге жетти. Анын ичинен 41 миң 23 бейтап сакайды. Ал эми 1 миң 63 адам каза болду.

Ушул жылдын 4-октябрында пандемия шартында парламенттик шайлоо өтөт.