Марал Радиосу

Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады

Кыргызстандын сыртындагы өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Имангазиевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланат.

“Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек», — деди Имангазиев.

Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.