Марал Радиосу

Бишкекте маршруттук таксилердин дээрлик жарымы каттамга чыкпай калган

Бишкекте карантин учурунда коомдук транспорттун саны 50 пайызга азайды. Анын себеби арендага алып айдап жүргөндөр каттамга чыкпай жатканы менен байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, карантиндик режим жумшартылып, коомдук транспорттордун иши жандангандан кийин маршруттук таксилер мурдагыга караганда 50 пайызга аз чыккан. Сентябрь айынан баштап алардын көбөйүп баштаганын байкоого болот.


«Быйыл Бишкекке 100 автобус алуу аракети көрүлүүдө»


— Карантин алынып, коомдук транспорттор каттап баштагандан бери маршруттук таксилер сентябрь айына карата 70 пайызды түздү. Ага чейин 50% гана каттамга чыгып, алардын аралыктары алыс болгондуктан, ичинде тыгындар көп болгон. Азайып кетишинин себеби, арендага алып минген шоопурлардан маршруттун ээси алып койгондугу болуп жатат, — дейт Хакимов.

Транспорт башкармалыгынын жетекчиси ошондой эле карантин маалында өзүнүн кичи бустарын базарга сатыкка койгондордун саны беш жүздүн тегерегин түзгөнүн кошумчалады.

Электрондук билет карталары октябрда берилет

Exit mobile version