Өлкө жарандары автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгилерин сатып ала алышат. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү чечим мамлекеттик каттоочу цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгилерине карата сатуу ыкмаларын оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.
Онлайн-аукционго катышуу аркылуу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгини сатып алууну каалаган жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында тиешелүү электрондук арыздын берет.
Онлайн-аукциондун өткөрүлүшүнө чейин 10 календардык күндөн кем эмес учурда аны өткөрүү жана аукционго катталуу тартиби туралуу маалымат жайгаштырылат.
Документке ылайык, онлайн-аукционсуз номердик белгини же ассоциациялык номурдук белгини сатып алууну каалаган жаран, ага кошумча катары тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүүгө укуктуу.
Бирдей айкалыштагы тамгалардын, мисалы: AAA, BBB, DDD, XXX, RRR наркы 30 миң сомду түзөт, ал эми ар түрдүү айкалыштагы тамгалардын наркы, мисалы: NEO, MMA – 12 миң сомду түзөт.
Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгилеринин наркын аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, анын негизи катары онлайн-аукциондо сатылган цифралардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгилери алынган.
Жарандар цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышын камтыган номурдук белги алууда төмөндөгүлөргө:
— мамлекеттик органдардын же мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларынын тамга айкалыштарын көрсөтүүгө;
— адепсиз, уят же эки мааниге ээ болгон тамга айкалыштарын көрсөтүүгө;
— интеллектуалдык менчик объектиси болуп саналган товардык белгилердин жана/же фирмалык аталыштардын аббревиатураларынын тамга айкалыштарын көрсөтүүгө жол берилбейт.