Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документи жок сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды.
Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 млн сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.
Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.